Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Ирак өкмөтү бүгүн Фаллужага элчилерин жиберди


Убактылуу премьер-министр Ияд Аллави козголоңчулар менен акыркы жолу сүйлөшүп, мунаса тапканга аракеттенип көрүү керек, эгер мындан да эчтеме чыкпаса, анда шаарды жапырык жасап алганга туура келет деп эсептейт. Америкалык Эй-Би-Си телекомпаниясы Ирактагы кампаларда сакталган үч жүз тоннадан ашуун жарылма зат америкалык аскерлер бул өлкөгө киргенден кийин жоголгонун тастыктаган тасманы көрсөттү. Экстремисттер болсо шри-ланкалык жана бангладештик эки кишини барымтага кармап алышканын билдиришти. Кечээ азия тейлүү бир адамдын жасаты табылды деген кабарды Жапониянын өкмөтү териштирип жатат. Абу Мусаба аз-Заркавинин тобу Токио өкмөтүнө эки сутка ичинде Ирактан аскерлерин алып кеткенге шарт коюп, болбосо туткунда жаткан япон тургуну өлтүрүлөт деп эскертишкен эле.

XS
SM
MD
LG