Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Ишкерлерди каттоо жеңилдейт


БИШКЕК. Кыргызстандагы ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана жеңилдик түзүү максатында ишкер тарапты каттоо эрежелери жеңилдетилет. Мындай маалыматты чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча консультативдик кеңештин катчылыгы таратты. Былтыр кабыл алынган экономикалык кайра жөнгө салуу концепциясынын алкагында адистер ишкерликти каттоого алуу, кайра каттоо жана жоюу эрежерелерин иликтеп чыгып, бул иштердин бардыгын «бир терезе» ыкмасы менен бүтүрүүнү сунуш кылышты. Эгер бул ыкма ишке ашса ишкерлерди жадаткан бир топ документтердин саны кыскарат. Себеби, ар бир ишкерге жекече код берилип, ишкер тууралуу маалымат бир жерге топтолот. Адистер бул аракетти ишке ашыруу үчүн «Юридикалык тараптарды каттоого алуу» жөнүндөгү жана башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда.

XS
SM
MD
LG