Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасына 10 жыл


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция ишин аяктады. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев, өкмөт мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Конференцияда президент Акаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча 10 жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эки багытына- жергиликтүү бийликти чыңдоо жана мамлекеттин кызыкчылыгына көңүл буруу керек. Андан соң президент социалдык багыттуулукту өнүктүрүп, жамааттардын мүчөлөрүнө башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү зарылдыгын билдирди. Президенттин баасы боюнча, өлкө аймагында жергиликтүү кеңештерде, айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо жөнүндөгү мыйзамга өлкө башчысы 1994-жылы 2- сентябрда кол койгон.
Конференция соңунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүгүү багытында үзүрлүү иштеген 5 адамга «Даңк» медалы, бир катар кызматкерлер Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Кыдыралиев Зоотбекке «Эмгек сиңирген экономист» наамы ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG