Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

БУУнун Кабулда уурдалган кызматкерлери коопсуз абалда


Ооганстанда барымтага алынган Улуттар уюмунун чет элдик 3 кызматкери аман-эсен экенин аларды туткундаган согушчандар тобу билдирди. Талиптерден бөлүнүп кеткен "Жайши-муслим" тобунун басма сөз өкүлү Акбар Ага "Ройтерс" агенттигине барымтадагылар качан гана Ооганстанда жана АКШнын Гуантанамо базасында камалып отурган бардык талип туткундары бошотулганда эркиндикке чыгат деп белгиледи. Улуттар уюмуна иштеп жүргөн Филиппиндик эркек, Косово жана Түндүк Ирландиялык эки аял бейшембиде Кабулда куралчан адамдар тарабынан уурдалган.

XS
SM
MD
LG