Европа Биримдигинин укук жага коопсуздук иштери боюнча комиссарлыгына көрсөтүлгөн Италиялык саясатчы Рокко Буттильоне өз талапкерлигин алып салганын жарыялады. Мурдараак Европарламент италиялык саясатчынын айрым көз караштарынан улам анын талапкерлигине катуу каршы турарын билдирген. Рим папасынын жакын досу Буттильоне жынысташтардын өз ара түгөйлөшүүсү – барып турган чоң күнөө, жалгыз бой энелер да жакшы адамдар болбойт деп айтканы үчүн катуу сынга кабылган. Еврокомиссиянын жаңыдан тандалган төрагасы, Португалиянын экс-премьер-министри Жозе Мануэль Баррозу Европарламенттеги каршылыктан чочулап, буга чейин көрсөтүлгөн бардык талапкерлерди кайра чакыртып алды.