Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Кыргыз президенти Грекияга жөнөп кетти


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Грекияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Аскар Акаев Афинага Грекиянын президенти Константинос Стефанопулостун чакыруусу менен барып, аны менен сүйлөшүүлөр өткөрөт. Кыргыз президентинин ошондой эле Грекиянын өкмөт башчысы Конститантинос Караманлис жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселелерин талкуулоосу белгиленген. Анын жыйынтыгында «Аба каттамы жөнүндө» жана «Туризм багытында кызматташуу боюнча» макулдашууга жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча протоколго кол коюу белгиленген. Кыргыз делегациясынын сапары 2-ноябрда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG