Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

БУУ анын кызматкерлерин уурдап кетишкен барымтачыларга кайрылуу жасады


Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Кабулдагы бөлүмү барымтачыларды уюмдун барымтага алынган үч кызматкерин бошотууга чакырды. Буга чейин барымтачылар эгерде алардын талабы шаршембиге чейин аткарылбаса, барымтадагылар өлтүрүлөөрүн айтышкан.
Улуттар уюмунун ырасмий өкүлү Мануэль де Алмейда е Силва бүгүн Кабулда буларды билдирди.

- Биз барымтачыларды алардын колундагы адамдарыбызга зордук көрсөтпөөнү суранып жатабыз. Үчөөнө тең медициналык жардам талап кылынат жана алардын толук бошотулушу - бул жагдайга берилген мыкты жооп болмок.

Бүгүн уюмдун барымтага алынган үч кызматкери тууралуу видео тасма көрсөтүлгөн. Араб тилиндеги “аль-Жазира” каналы тарабынан көрсөтүлгөн тасмада барымтачылар ооган түрмөлөрүндө жана АКШнын Кубадагы Гуантанамо аскерий базасында кармалгандар бошотулушун талап кылышты.
Кийинчерээк барымтачылардын бири, “Мусулман армиясы” деп атаган топтун өкүлү “Рейтер” маалымат агенттигине “эгерде Гуантаномодогу жана Ирактагы түрмөлөрдөн талибдер менен “аль-Каиданын” адамдары толук бошотулбаса, барымтага алынгандар өлтүрүлөт” деп билдирди.
Улуттар уюмунун үч кызматкерин - ирландиялык жана косоволук эки аял менен филиппиндик бир кишини – бейшембиде чак түштө Кабулдун борборунда уурдап кетишкен. Буга талибдердин калдыктарынан түзүлгөн бир топ жоопкерчиликти өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG