Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Жапониянын Ирактагы 550 аскери Ирактын өзүндө кала берет


Бул тууралуу бүгүн Жапониянын премьер-министри Юничиро Коидзуми билдирди.
Жапон өкмөтүнүн башчысы бул билдирүүсүн Иракта барымтага алынган жапон атуулу мууздалгандан кийин айтып жатат. Белгилүү болгондой, кечээ Багдаттын түштүгүндө 24-жаштагы жапониялык турист Шозей Коданын жасаты табылган эле. Бул маалыматты жапониялык ырасмий бийликтер да ырасташты.

Коидзуми өз атуулун мууздагандардын карасанатайлыгын “таш боордук актысы” деп атады, бирок “Жапониянын Ирактагы аскерлери ал жерде өздөрүнүн гуманитардык-реконструкциялоо иштерин уланта беришет” деди.
Иракта согуш башталгандан бери жапониялык беш атуулдун башы алынган.

XS
SM
MD
LG