Жикчилердин жол башчысы Шамил Басаев кол койгон билдирүү чечендердин Интернет баракчасында жарык көрдү. Анда Беслан мектебиндеги өткөн айдагы барымта кризиси үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган Басаев Орусияга каршы согушун уланта берээрин эскерткен. Жарыянын чынында да Басаевге тийешелүү экени белгисиз.