Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

2-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 2-ноябрда күндүз Ысыккөл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска жылуу, күндүз +13…+18 градус жылуу болот.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15... +20 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн –1 градус сууктан +4 градуска жылуу, күндүз +9…+14 градус жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫНДА түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз +8…+13 градус жылуу.
Сары өзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн 0…+5 градус жылуу, күндүз +13…+18 градус жылуу болот.
БИШКЕКТЕ жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус жылуу.
Күндүн узактыгы 10 саат, 14 мүнөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Дилденбай жана облустдагы кабарчылар даярдашты

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG