НАРЫН. 31-октябрь күнү облустун 65 жылдыгын белгилөөнүн биринчи этабы болуп өттү. Ал Атбашы районундагы Буланбаш деген жерде өткөрүлдү. Алыс жактан ат арытып келишкендерди, жергиликтүү тургундарды төкмө акындар Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев, Жеңишбек Токтобеков, Жылдызбек Алыбаев, ырчылар Саламат Садыкова, Бермет Байкелова куттукташты. Мында келгендер 65 жылдык мааракесинин урматына арналган улуттук спорт оюндарына күбө болушту. Көкбөрүдө Нарын менен Акталаа районунун бириккен курама командасы биринчи орунду ээлесе, жорго чабышта Ысыккөлдүк Жакыпбек Мамбетовдун күлүгү алдыда келди. Ал эми аламан байгеде «Дордойдун» дулдулу чыгып, баш байге - автомобилди жеңип алды.
Айтмакчы, салтанаттын катышуучулары Жалалабаддан бери эстафеталык ыкмада жүгүрүп келишкен Жеңиш Жумалиев менен Мурат Дооновду ушул күнү тосуп алышты. Ал эми 65 жылдыкка арналган салтанаттуу жыйын ноябрь айынын жыйырмасында белгилениши күтүлүүдө.