БИШКЕК. Ишембиде мамлекет башчысы Аскар Акаев Улуттук кардиологиялык борбордо болуп, аталган борборго академик Мирсаид Миррахимовдун ысымын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирген. Бул тууралуу Улуттук кардиологиялык борбордон маалымдашты. Академик Мирсаид Миррахимов медицина тармагында 100гө жакын илимдин кандидаттарын, докторлорун тарбиялаган. Ал 700дөн ашуун илимий эмгектин, 30 монографиянын автору. Миррахимов окумуштуу-клиницист катарында Социалисттик эмгектин баатырлыгына жана мамлекеттик сыйлыкка Борборазия боюнча жалгыз татыктуу болгон дарыгер.