БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында Борборазияда корпоративдик башкаруу боюнча 2 күндүк семинар өз ишин баштады. Семинарда Борборазияда корпоративдик башкарууну практикада колдонууда тартипке салып туруу мыйзамы талкууланды. Ошондой эле корпоративдик башкаруунун укуктук структурасынын жүйөсү жана акционерлердин укугуна, директорлор кеңешине байланыштуу маселелер каралды.