Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш жоюлду


БИШКЕК. Кыргыз президентинин жардыгы менен акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш жоюлду. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев 25-октябрда кол койгондугун бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда улуттук кеңеш акыйкат башкаруу боюнча консультативдик кеңеш менен бирдей милдетти аткарып, бири-бирин кайталагандыктан улам жоюлуп, акыйкат башкаруу боюнча иш-чараларды аткаруу консультативдик кеңештин катчылыгына жүктөлдү.

Катчылыктын башчысы Кубанычбек Өмүралиевден алынган маалыматка караганда, 25 адамдан турган улуттук кеңештин эки мүчөсү консультативдик кеңештин мүчөсү болуп калды. Ал эми катчылык бир айдын ичинде консультативдик кеңештин катчылыгы жөнүндөгү жобону даярдап, иштей турган адистердин саны жана иш багыттарын аныктамак болду.

XS
SM
MD
LG