Башкалаа Тель-Авивдеги базарлардын биринде жанкечти жасаган бүгүнкү жарылуу үчүн Палестинаны боштондукка чыгаруунун элдик майданы деген уюм жоопкер болду. Алардын билдиргенине караганда, жардырууну он алты жаштагы палестин жасаган. Андан жанкечтинин өзүнөн башка үч адам өлүп, 32 киши жаракат алды. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон окуяны комментарийлеп, мындай деди:
-Жардыруу палестин жетекчилигинде өзгөрүү жок экенин көргөзүүдө. Алар террорду тыюу же террорчул уюмдарды жоюу боюнча алгылыктуу кадамдарды жасап, реформа жүргүзүп, шыкактоону токтотмоюнча Израил өз саясатын улантат. Биз куру сөз менен убадаларга, көңүл кош айыптоолорго канааттанбайбыз.
Учурда Францияда дарыланып жаткан Ясир Арафат баш болгон палестин жетекчилиги жардырууну айыптады. Израил аскерлери бүгүн эле жардырууну ишке ашырган жанкечтинин үй-блөсү туруучу Аскар качкындар лагеринде аларга таш ыргыткан өспүрүмдү атып салышты.