Бул жерде кечээ өткөн шайлоого байкоо жүргүзгөн ЕККУ уюму менен Европа Кеңешинин жана НАТОнун биргилешкен миссиясы ушундай жыйынтыкка келди. Алардын пикиринде шайлоо кампаниясы учурунда мамлекеттик маалымат каражаттары башкы эки талапкердин бири, премьер-министри Виктор Януковичке жантартты. Мамлекет оппозициянын аракетин чектеген кадамдарга барды. ЕККУ уюмунун Украинадагы миссиясынын башчысы Брюс Жорждун айтымында, президенттик шайлоо Украина 2002-жылкы парламенттик шайлоодон артка кеткенин көргөздү:
-Иликтөөлөрүбүздүн негизинде биз өкүнүү менен Украинадагы быйылкы президенттик шайлоо демократиялык шайлоонун ЕККУ менен Европа Кеңешинин жана европалык башка стандарттарына жооп берген жок деген жыйынтыкка келдик.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын 31-октябрдагы добуш берүүдөгү бюллетендердин 94,24%ы саналгандан кийинки маалыматына караганда, орусиячыл жана өкмөт колдогон талапкер Виктор Янукович менен анын атаандашы, батышчыл саясатчы Виктор Ющенконун ортосундагы ажырым 1%га жетпейт. Януковичти шайлоочулардын 40,12%, Ющенкону болсо 39,15%ы колдогон. Шайлоонун экинчи айлампасы 21-ноябрда өтмөкчү.