БИШКЕК. Бүгүн - 2-ноябрь көркөм өнөр жана маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү. Бул күнү белгиленүүчү майрам 5-ноябрга жылдырылды. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаевдин катышуусу күтүлүүдө. Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү Улуттук опера жана балет театрында салтанаттуу белгиленип, бир катар чыгармачыл инсандарга мамлекеттик наамдар ыйгарылат. Мындай маалыматты маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.
Ал эми “Маданиятты жана искусствону колдоо” коомдук фонду Советбек Жумадылов атындагы сыйлыкты жана лауреаттык наамды Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрынын артисти Алымкул Исаковго ыйгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
“Маданиятты жана искусствону колдоо фонду” атактуу артист Советбек Жумадылов атындагы сыйлыкты уюштуруп, аны улуттук театр өнөрүнө чоң салым кошкон, бирок татыктуу баасын албай жүргөн театрдын таланттуу адамдарына ыйгармакчы.