Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча топ иштөөдө


БАТКЕН. 2-ноябрда Өзбекстандын Фергана облусунда кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча эксперттердин кезектеги отуруму башталды. Ага Баткен облусунан губернатордун орун басары Шадыбек Бакыбеков баштаган топ катышууда. Ушул ишембиге дейре созулчу бул жолку отурумда Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо маселеси каралат. Баткен району менен Өзбекстандын Сох районунун ортосундагы талаштуу делген жети гектар аймакты жана Кадамжай районундагы Чечме-Булак деген жерди аныктоо маселесинде тараптар акыркы эки отурумдан бери бир пиркирге келе албай, маселе улам артка жылдырылып келет.

Ал эми октябрь айынын орто ченинде Баткендин Кадамжай шаарчасында өткөн жумушчу топтор деңгээлиндеги сүйлөшүүдө чек ара сызыгынын болгону 870 метри аныкталган. Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусунун алты району менен чектешип, андагы мамлекеттик чек аранын узундугу 375 чакырым аралыкты түзөт. Буга дейре анын 247 чакырымдайы аныкталган. Ал эми жалпы узундугу 1 миң 295 чакырымды түзгөн кыргыз-өзбек чек арасынын 1000 чакырымы буга чейин делимитацияланган.

XS
SM
MD
LG