Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Кытай Кыргызстандын жаштарын окутууга кызыкдар


БИШКЕК. Кытай Эл Республикасынын Ганьсу, Шеньси, Гуандун, Цинхай жана Синцзянь аймагынын 16 жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү Бишкектеги жогорку окуу жайлар менен таанышууда. Алар студенттерге Кытайдын билим берүү тармагы жана окуу жайлары тууралуу маалымат берип, жолугушууларды өткөрүүдө. Эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуу багытындагы бул иш-чара 2001-жылы май айындагы Кыргыз-Кытай келишимине ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын чет элдик студенттер менен иштөө борборунун жетекчиси Ли Гуйлин маалымат жыйынында билдирди.

Он жыл аралыгында Кытай Эл Республикасынан Кыргызстандык 109 студент билим алган жана азыр Кытайда 72 студент окууда.

Ал эми Кытайдын жогорку окуу жайларында жалпысынан 20 млн. студент билим алышат. Жылыга 5 млн. бүтүрүүчү кесиптик диплом алып чыгышат.

XS
SM
MD
LG