Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Бишкекте АКШдагы шайлоого альтернативдүү добуш берүү болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу америкалык эмес атуулдардын альтернативдүү добуш берүүсү өткөрүлдү. Мындай акция Улуттук университет, Кыргыз-Орус (Славян), Бишкек гуманитардык университеттеринде жана "Айчүрөк" дүкөнүндө өткөрүлдү. Мындай акция «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулду. Акциянын негизги максаты - АКШнын учурдагы жана келечектеги саясаты тууралуу жергиликтүү атуулдардын пикирин билүү.

Шайлоо бюллетендеринде АКШ президенттигине талапкерлер жана тынчтыкты сактоо, адам укуктарына байланыштуу суроолор камтылган. Мындан тышкары Ирактагы согушту токтотуу, Киото келишимин ишке ашыруу жана Израилге карата АКШнын саясаты боюнча да элдин пикирин аныктоочу суроолор киргизилген. Ошондой эле АКШдагы шайлоо өнөктүгүн колдоп демөөрчүлүк кылган компанияларга карата көз-караштарды билүү каралган.

Добуш берүүгө Кыргызстандын 667 атуулу катышып, АКШнын азыркы саясатын жана президенттик шайлоого демөөрчү корпорацияларын 22,9% колдогон. Ал эми транскорпорацияларга жана АКШнын азыркы саясатына каршы 77,1% добуш берилген.

XS
SM
MD
LG