Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:10

Кыргызстандагы америкалыктар добуш беришти


БИШКЕК. 2-ноябрда АКШнын 44–президентин шайлоо болду. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКИпресс агенттигине берген маалыматка караганда Американын Кыргызстанда жүргөн атуулдары Интернет байланышы аркылуу добуш беришти. Маселен, добуш берүүчү атуул Интернеттеги электрондук почтасы аркылуу өзүнүн шайлоо участкасына кайрылып, добуш берүү бюллетенин алышты. Бюллетенге каалаган талапкерине добушун берген белгини койгондон кийин аны кайра электрондук почта аркылуу жөнөтүштү. Мына ушундай жол менен кечээ кечинде Кыргызстанда жүргөн АКШлык атуулдардын 60 проценти добуш беришкен.

АКШнын президенттигине эки талапкер - Республикачылар партиясынын өкүлү, азыркы президент Жорж Буш жана Демократиялык партиянын өкүлү Жон Керри атсалышты.

XS
SM
MD
LG