Былтыр тынчтык үчүн Нобел сыйлыгына татыган ирандык укук коргоочу Ширин Эбади Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүн сотко берди. Эбади жаңы китеп жазган, бирок ал АКШда жарыяланбай жатат. Анткени Вашингтон экономикалык чектөө киргизген өлкөлөрдүн авторлорунун китептери, аларды жазууга америкалык жарандар салым кошпосо, АКШда жарыяланбаш керек. Ширин Эбадинин айтымында, мындай чектөө АКШнын өзүнүн конституциясына каршы келет жана маалымат дүйнөдө эркин тараш керек деген эрежени да бузат.