Израилдин аскерлери бүгүн эртең менен Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Наблус шаарындагы бир үйдү түрттүрүп жок кылып салды. Ал үйдө 16 жашар жанкечтинин ата-энеси жашаган жана ал жигит мурда Тель-Авив шаарындагы базарда өзүн өзү жардырып жиберип, үч жөөттү кошо ала кеткен. Баланын энесинини айтымында, палестиналык аскерий топтор аны алдап, жанкечтилик аракетке түрткөн. Андан тышкары жөөт аскерлери 1-ноябрда Наблус шаарында үч араб согушкерин атып өлтүргөн.