Мажарстандын жаңы премьер-министри Ференс Гярчсани 300 мажар аскери келерки жылдын 31-мартына Ирактан чыгарылып кетээрин билдирди. Анын айтышынча, мажар аскерлери Иракта январга белгиленген жалпы элдик шайлоо өткөнчө турат.
Өлкө калкы жана оппозиция мажар аскерлерин Ирактагы АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн катарына жөнөтүүгө башынан эле каршы турган.
Нидерланд өкмөтү жума күнү акыркы 1350 жоокерин Иракка жиберээрин жарыя кылды.
Өлкөнүн коргоо министринин билдиришинче, Нидерланд аскерлери Ирактан март айында чыгарылат.