Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Дүйнө өлкөлөрү АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына көз салышууда


Дүйнө лидерлери Жорж Буштун президенттик шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүн экенине этияттык менен ынанганын билдиришүүдө. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишердин сөзүнчө:


- АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы али дайын боло элек. Менин оюмча, бир жыйынтык чыгарганга али эрте. Биздин өтө маанилүү өнөгүбүз жана союздашыбыз менен келечекте жакшы мамиледе болгонубуз бизге өтө маанилүү. Биз добуш берүүнүн жыйынтыгын күтүшүбүз шарт.

Россия президенти Владимир Путин АКШдагы шайлоонун жыйынтыгын күтө туруу зарыл экенин айтып, мындай деди:


-Эгерде Буш чындап эле жеңсе, мен Америка эли өзүн коркутпай, оң көргөн чечимди кабыл алганына кубанам.

Путин ошондой эле “ал-Каида” уюмунун баштоочусу Осама бин Ладендин шайлоо алдында жасаган телекайрылуусу АКШлык шайлоочуларга олуттуу таасир этпегенине көңүл бурду.

АКШнын жакын союздашы Польшанын президенти Александр Квасневски Буштун дагы төрт жылга шайланганы “өтө жакшы кабар” деди.

Япониянын премьер-министри Юнихиро Койзуминин сөзүнчө, Ак Үйгө ким келбесин Япония менен АКШ ортосундагы кызматташуу азыркы жүрүшүнөн жанбайт.

Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Аяд Аллави Кошмо Штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы Ирактагы АКШ башында турган күчтөрдүн вазийпасына таасир этпейт деген үмүттө. Аллави Италиянын “Repubblica dailү” басылмасына бүгүн басылган интервьюсунда Иракка эркиндик бергени үчүн АКШга алкыш айтып, шайлоодо ким жеңсе да ирактыктарга дос мамиледе болот деди.

XS
SM
MD
LG