Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Укук коргоочуга каршы кылмыш иши козголду


ЖАЛАЛАБАД. 3-ноябрда Сузак райондук прокуратурасы Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин облустагы координатору Молдосалы Ибраимовго айыптоо токтомун угузду. Токтомго ылайык Молдосалы Ибраимов Кылмыш кодексинин 234, 353, 137-беренеси боюнча хулигандыгы, өзүм билемдиги жана турак жайдын кол тийбестигин бузганы үчүн жооп берүүгө тийиш. Ал 23-октябрда 20-25 аял менен райондун Лааданкара айылынын тургунун үйүнөн айдап чыгып, үйгө муруңку ээсин киргизген деп айыпталууда.

Укук коргоочу өткөн айда райондук соттун төрагасы менен судьясын кызматтан кетүүгө чакырып, сот чечимине нааразы адамдар менен бирге 6 күн пикетте турган. Президентке, Жогорку Кеңешке жана Жогорку сотко кайрылуу жолдогон.

XS
SM
MD
LG