БИШКЕК. 2-ноябрдагы АКШдагы президенттик шайлоого Кыргызстандагы америкалыктардын 60% катышты. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилигинен бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда Кыргызстандагы америкалыктар өз добуштарын почта аркылуу мындан бир ай мурун эле бере башташкан. 2-ноябрда «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму борбордогу төрт жогорку окуу жайында жана "Айчүрөк" дүкөнүндө шайлоо участкаларын ачып, анда жергиликтүү атуулдар АКШдагы шайлоого карата өз пикирлерин билдиришти. Добуштардын жыйынтыгына караганда акцияга катышкандардын 22.9% АКШнын азыркы саясатын колдосо, 77.1% каршы пикирин билдирген.