БИШКЕК. 2-ноябрда "Кыргызстан элдик кыймылынын" саясий кеңешинин жыйыны болду. Анда 5-ноябрга белгиленген курултайды өткөрүү маселеси каралды. Кыймылдын лидери Курманбек Бакиевдин «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда 9 партиянын бириккен курултайында кыймылдын жобосу, структурасы бекитилет. Андан сырткары кыймылдын лидери, орун басары шайланып, борбордук кеңеш түзүлөт.
Экинчи маселе катары курултайда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кыймыл атынан талапкерлерди көрсөтүү маселеси каралат. Маалыматка караганда, Кыргызстан элдик кыймылынын курултайын өткөрүүгө мамлекеттик имараттар берилген эмес. Ошондуктан ал менчик имараттардын биринде өтмөкчү.