Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Жорж Буш экинчи мөөнөткө кайра шайланды


Өз жеңишин угузган сөзүндө ал шайлоочулардын өзгөчө активдүүлүгүн белгилеп, тарапкерлерине ыраазылык билдирди. Атаандашы сенатор Жон Керрини жигердүү кампания өткөргөнү үчүн мактады. ”Бала-бакырабыз эркиндикте жана бейпилдикте жашашы үчүн терроризмге каршы күрөштө колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктү жумшайбыз. Бул үчүн жалпы америкалыктардын колдоосу керек. Президенттик жаңы мөөнөт ушундай мүмкүндүк берет. Бизди бир өлкө, бир конституция жана бир келечек бириктирип турат. Эгер баарыбыз жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ийиндеше иштесек Американын гүлдөп-өнүгүшүнө эч кандай чек болбойт”, - деп айтты Буш.

XS
SM
MD
LG