ОШ. 4-ноябрь күнү эртең менен Ош шаарында ички шаардык каттамдарда жүрүшкөн жүздөн ашуун маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоого чыгышып, шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде нааразылык акцияларын уюштурушту. Айдоочулар шаар бийликтерине ички каттамдар боюнча жол киренин өлчөмүн көтөрүү, транспорттук жыйымдардын көлөмүн кыскартуу сыяктуу талаптарды коюшту. Шаардык мэриянын өкүлдөрү айдоочуларга коюлган талаптар эки күндүн ичинде чечилерин айтышып, ага чейин иш таштоону токтото турууну суранышты.
Мындай убадалар бир канча убакыттан бери айтылып, бирок аткарылбай жаткандыгын белгилешкен айдоочулар маселе бир ыкта чечилмейин иш таштоону уланта беришерин билдиришти. Нааразылык акциясын уюштуруучулардын айтымында күйүүчү майдын кымбаттыгына байланыштуу жол кирени көтөрүү боюнча айдоочулардын бир канча жолку кайрылууларын шаар бийликтери жоопсуз калтырып келишкен.