Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Германиядан аскерий делегация келип кетти


БИШКЕК. Германиядан Кыргызстанга эки күнгө келген аскер делегациясынын иш сапары кечээ аяктады. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда делегация кызматташтыктын келечеги боюнча сүйлөшүү максатын көздөдү жана аны Германия коргоо министрлигинин аскер саясаты жана куралданууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Юрген Борнеманн жетектеп келди.

Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов баштаган кыргыз тарап менен болгон жолугушууларда Борбор Азиядагы аскерий кызматташтыктын, Кыргызстандагы аскерий реформанын абалы өңдүү маселелер талкууланды.

Белгилеп койчу жагы - Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы аскерий кызматташтык 1993-жылы башталган. Азыр тараптар визит алмашуу, немис тилин окутуу, Кыргызстандык аскер кызматчыларын Бундесверде аскерий окуу жайларда окутуу, аскерий-техникалык жардам берүү багытында кызматташат.

XS
SM
MD
LG