Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Депутаттар энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болушууда


БИШКЕК. 4-ноябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын кезектеги отуруму кворум жок өткөрүлгөн жок. Ага оппозициячыл жана бир катар ортомчул маанайдагы депутаттардын өлкөнүн энергетика, газ тармагын менчиктештирүүгө каршы болушуп, каттоодон өтпөй койгондугу себеп болду. Кызуу талаш-тартыштан соң парламентеги комитет жетекчилерине Мыйзам чыгаруу жыйынынын ноябрь айындагы күн тартибин аныктоо, тагыраак айтканда, энергетика тармагын менчиктештирүүнү кайсыл маселеден кийин, качан талкуулоо боюнча орток пикирге келүү тапшырылды. Комитет жетекчилеринин жыйыны журналисттерден жашыруун өткөрүлдү. Комитет жетекчилеринин жыйынына президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков жана бир катар өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Эске сала кетүүчү нерсе - парламенттеги оппозициячыл жана ортомчул маанайдагы он тогуз депутат кыргыз өкмөтү сунуш кылган өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүүгө сонку жыйырма күндөн бери каршы болуп келишүүдө.

XS
SM
MD
LG