АКШ мурдагы югослав республикасы Македонияны "Македония" деген талаштуу аталыш алдында тааныганын Афинага билдирди. Бул тууралуу Грекиянын тышкы иштер министри Петрос Молывятис маалымдап, ага байланыштуу грек өкмөтү АКШнын элчисине нааразылык нотасын тапшырганын кошумчалады. Македониянын президенти Бранко Црвенковски Вашингтондун бул чечимин жогору баалап кубаттады. Грекиянын түндүк провинциясы да Македония деп аталат, ошондуктан грек өкмөтү коңшулаш республика ошол аймакка келечекте көз артышы мүмкүн деп кооптонуп, он жылдан бери мурдагы югослав республикасы Македония менен аталыштын тегерегинде талашып келатат.