Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Арафаттын абалы оорлоду


Ал реанимацияга которулду. Франциянын президенти Жак Ширак Париждин чет жагындагы аскердик ооруканада жаткан палестин лидери Ясир Арафатка учурашып кетти. Мурдараак Рамалланын атын атабаган өкүлү "Ройтерс" агенттигине 75 жаштагы палестин жолбашчысы үч ирет эс учун жоготконун айткан. Арафаттын жардамчысы Набил Абу Рдейнех ал маалыматты жөнөкөй ушак катары баалады:

-Төрага Арафаттын абалы олуттуу, ал догдурлардын жардамына муктаж, дагы көп анализ алышы керек. Бирок ал эс-учун жоготуп, өзүн билбей жаткан жок, өтө кооптуу абалда эмес деп ишендире кетмекчимин.

Арафаттын саламаттыгы жөнүндө таратылган жалгыз ырасми документте ал өрчүп бараткан ак кан оорусунан жабыр тартып жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG