Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

70 ЖЫЛДАН КИЙИН ОРУСИЯНЫН КАЛКЫ 50 МИЛЛИОНГО АЗАЯШЫ ЫКТЫМАЛ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын калкы азыркы тушта 144 миллиондон саал ашат. Бирок элдин саны барган сайын кескин азаюуда. Ырасмий булактар билдиргенге караганда кийинки төрт жыл ичинде өлкөдө көзү өткөн кишилердин эсеби мурдагы жылдарга салыштырганда 20 пайызга өскөн. Талдоочулар эгерде абал ушул бойдон жүрүп олтурса анда 2075-жылы орусиялыктар 100 миллионго азаят дешүүдө. Ошол эле учурда кийинки он жыл ичинде чет өлкөлөрдөн келгендер Орусия калкынын 4 миллионун түзмөкчү. Былтыр болсо Мамлекеттик дума «Атуулдук тууралуу» мыйзам да кабыл алган жана аны кээ бир талдоочулар элдин санын мигранттардын эсебинен көбөйтүү далалаты катары баалашууда.

Мамдуманын депутаты Николай Герасменкодон сөздү баштайлы:

-Азыркы тушта Орусияда кишинин өлүмү балдардын төрөлүшүнө караганда 70 пайызга өскөн. Шартуу айттканда бул - күн сайын бирден айылдын эли бүт бойдон жок болуп атат дегендик.

Орусиянын федералдык статистика кызматынын бөлүм башчысы Ирина Збарская мындай көрүнүш 2025-жылга дейре созулат деген ойдо. Азыр орусиялыктар мурда болуп көрбөгөндөй жакырчылыкты башынан кечирип аткандыктан балдардын төрөлүшү азайып кеткен. Өлүм-житим болсо көбөйүп аткан кез.

-Орто эсеп менен санаганда биздин өлкөдө эркектер пенсияга чыга элек кезинде эле кайтыш болот. Аялзаты орто эсептен алганда 72 жашка чыгат, - дейт статистика кызматчысы.

Эми элдин санын коңшу мамлекеттерден келип аткандардын эсебинен арттырууга келсек - андай максатты ишке ашыруу үчүн иш былтыр башталган. Бийлик өзү өнтөлөп атайын мыйзам кабыл алдырган. Ошол эле учурда ар кайсы булактардан карай келгенибизде КМШ өлкөлөрүнөн ооп келип аткандардын саны 90-жылдар башына салыштырганда артмак тургай кайра 12 эсеге азайып кеткен.

Сыртан көз салуучулар муну жаңы мыйзам иштебей атканынан деп чечмелешет. Ошол эле учурда Орусияга келген эле киши сөзсүз бул өлкөнүн атуулдугун алгысы келбегени да негиз берет. Буга бир жоопту биз Красноярскиде туруучу боордошубуз Сүйүнбек Үмөтовдон уктук. Менин "Красноярскиде жашап атышкан 12 миң кыргыздын канчасы Орусиянын атуулдугун алышкан?" деген суроо узаттым. Жооп мындай болду:

- Он эки миң – бул бүтүндөй Красноярски крайын алып эсептегнеде, ал эми биз турган калаада болгону 5 миң кыргыз барбыз. Эми ошонун ичинен 5 пайыздайы Орусиянын паспортун алышкан.

Орусияда калктын кескин азайып баратышын жалаң эле четтен азып-тозуп келгендердин эсебинен байыта албайбыз деген пикирлер да бар. Алар мындай көрүнүштү орустардын үрп-адат, кулк-мүнөзүнүн өзгөрүп кетишинен пайда болду дешет. Маселен, Бүткүл орусиялык психотерапия кеңешинин вице-президенти Виктор Макаров минтет:

-Мурда (орустарда-ММ) «бүлө» дегенде - бир нече муундан турган кишилердин бир үйдө турушун түшүнүшчү. Эми биздин тушта эне-атасы жана баласы бар үйдү же эрди-катындан турган үйдү түшүнөбүз, - деп орус окумуштуусу элдин санынын азайып кетишин ушундан көрөт.

XS
SM
MD
LG