Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Жорж Буш кечээ пресс-конференция өткөрдү


Бул анын президенттикке кайра шайланган соң журналисттер менен жолуккан биринчи жыйыны болду. Буш эл аралык терроризмге каршы күрөштө көңкү дүйнөнү бириккенге чакырды. Ортодогу бардык пикир келишпестиктерге карабастан бардык мамлекеттердин душманы жалпы – терроризм – экенин белгилеп, Буш цивилизацияланган ар бир өлкө бу согушта жеңишке кызыкдар, анткени баары өз элин коргоого, ошондой эле коогалуу региондордо жайылган илдеттерди, ачарчылыкты жана жакырлыкты жойгонго милдеткер деп билдирди. Жорж Буш Жакынкы Чыгышта бейпилдик орнотуу озуйпасы улантыларына ишендирди. Буш региондо Израил менен танапташ палестиналыктардын бейпил мамлекети болушун каалайт.

XS
SM
MD
LG