Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Оппозициячыл саясатчы Жогорку сотко кайрылды


БИШКЕК. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылганын «Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, ал 10-октябрдагы Бишкек шаардык кеңешке Университет шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. "Мындай мазмундагы анын арызын Ленин райондук соту канааттандыруудан баш тарткан, ошондуктан Жогорку соттун инстанцияларына кайрылып жатам", деп белгиледи Эмил Алиев. Анын пикиринде Университет шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган жана андан сырткары бир катар мыйзам бузууларга жол берилген.

XS
SM
MD
LG