Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

"Кыргызстан элдик кыймылынын" курултайы өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Кегети» кафесинде "Кыргызстан элдик кыймылынын" уюштуруу курултайы өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 262 делегат, эларалык уюмдардын, Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү, Мисир Ашыркулов, Медеткан Шеримкулов, Дастан Сарыгулов өңдүү саясатчылар катышты. Уюмдун төрагалыгына экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиев шайланды. Анын орун басарлары болуп экс-министр Ишенгүл Болжурова, «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров жана Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Николай Байло шайланды.

Курултайда ошондой эле кыймылдын 17 кишиден турган Борбордук кеңеши түзүлдү. Ал эми уюмдун аткаруу комитетинин жетекчилдигине саясий ишмер Үсөн Сыдыков шайланды.

Курултайда парламенттик шайлоого катышуу маселеси да каралып, Резолюция кабыл алынды. Кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев Кыргызстандагы оор социалдык-экономикалык абалдан чыгуу үчүн өлкөдөгү конструктивдүү күчтөрдүн биригүүсү зарыл деп билдирди.

XS
SM
MD
LG