Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Карзай апийимди жок кылууга ниеттенүүдө


Ооганстандын президенти болуп шайланган Хамид Карзай кечээ күнү Кабул шаарында жыйын өткөрүп, өлкөнүн провинцияларын бийлеген аскербашыларды тартипке келтирип, апийим өндүрүүгө чек сала турганын билдирди:

- Ооганстанда өкмөткө баш ийбеген куралдуу күчтөр болбойт. Оооган элинин эң негизги талабы ушул. Өлкөдө апийим дагы такыр өндүрүлбөйт. Ага каршы күрөштү биз ырайымсыз жүргүзөбүз.

Андан тышкары, Карзайдын айтымында, октябрдын аягында барымтага алынган Бириккен Улуттардын үч кызматкерин бошотууга ал бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт.

XS
SM
MD
LG