Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Багдад шаарындагы жарылуулардан америкалык жана британиялык аскерлер өлдү


"Ал-Каида" уюму менен байланышы бар деп шектелген уюм бүгүн интернет аркылуу билдирүү жасап, АКШга каршы ири чабуул боло турганын жарыялады. Бул уюм март айында Мадрид шаарында ишке ашырылган жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган, ал жардыруудан бир жүз токсондон ашык адам набыт кеткен.

Кечээ күнү Багдад шаарында эки жерде бомба жарылгандан америкалык үч аскер курман болду жана башка бир жардыруудан британиялык дагы үч аскер менен алардын бир котормочусу өлдү.

Бүгүн америкалык аскерлер курчоодогу Фаллужа шаарын абадан бомбалады, Ирак өкмөтүнүн башчысы Айяд Аллавинин айтымында, Фаллужа маселесин тычтык ыкмалары менен чечүү мүмкүнчүлүктөрү азайып баратат.

XS
SM
MD
LG