НАРЫН. Облус борборундагы суу түтүктөрү эскиргендиктен калкты таза суу менен камсыздоого мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу "Нарын суу-канал" ишканасынын башкы кызматчысы Темирбек Ибраев "Кыргыз Республикасынын иче турган суу жөнүндөгү" мыйзамынын Нарын шаарында аткарылышы боюнча өткөрүлгөн "тегерек үстөл" жыйынында билдирди. Анын айтымында мындан 35-40 жыл илгери курулган суу түтүктөрү эскирип, пайдалануу мөөнөтү бүткөндүктөн алардын улам бир жери жарылууда. Тез арада сапаттуу оңдоого чарбалык эсептеги ишкананын чама-чаркы жок. Аткени таза суу үчүн жалпысы 2 млн. 215 миң сомдук карызы төлөнө элек.
Жыйындын катышуучулары 15-декабрга чейин тийешелүү административдик чараларды көрүш үчүн шаар акимчилигине жана укук коргоо органдарына атайын талап менен кайрылышты.
Жыйындын катышуучулары 15-декабрга чейин тийешелүү административдик чараларды көрүш үчүн шаар акимчилигине жана укук коргоо органдарына атайын талап менен кайрылышты.