Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Кар көчкүдөн орусиялык атуул набыт болду


БИШКЕК. 3-ноябрь күнү Орусиянын атуулу Сергей Фетисов Жалалабад облусуна караштуу Каракөл шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан Кулданбес ашуусунун Кырботоо кыркасындагы кар көчкүгө кабылып, набыт кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү кызматтарына Фетисов менен кошо бул жерге келген 3 альпинист 5-ноябр күнү кечинде маалымдаган. Алар кар көчкү болгон жерден Сергей Фетисовду таба албай койгон соң бир сутка жөө жүрүп, Каракөл шаарына келишкен.

Министрликтен кабарлашкандай, орусиялык төрт альпинист аталган жерге өз алдынча барышкан. 6-ноябрда кар көчкү болгон жерге Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу батальонунун тобу жөнөп кетти. Божомолдуу маалыматтар боюнча Кырбото кыркасындагы кар көчкүнүн көлөмү 5 миң кубо метрге жакын болгон.

XS
SM
MD
LG