Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Депутаттар маркум Абсамат Масалиевдин ысымын түбөлүк калтырууну сунушташууда


БИШКЕК. Бишкектин Киев же Фрунзе көчөсүнө, же болбосо борбор калаадагы кичи райондордун бирине Кыргызстандын мурдагы жетекчиси, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Абсамат Масалиевдин ысымын берүүнү парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны өкмөткө сунуш кылды.

Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынан билдиришкендей, бул маселе жакында Бишкек шаардык кеңешинде каралмакчы.

Кыргызстан коммунистер партиясынын жетекчиси Апсамат Масалиев ушул жылдын 31-июлунда дүйнөдөн кайткан. Масалиев совет доорунун соңку учурунда - 1985-жылдан тартып 1990-жылдын октябрь айынын соңуна чейин республиканы башкарган.

XS
SM
MD
LG