Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Самарра шаарындагы жардыруулардан 33 киши курман болду


САМАРРА. Бүгүн Ирактын Самарра шаарында төрт бомба жарылып, андан бери дегенде 33 киши курман болуп, ондогон кишилер жаракат алышты. Миналанган машинелер шаар акимчилиги, полиция бөлүмдөрүнүн алдында жана АКШнын аскердик унааларынын жолунда жардырылган.

Курман болгондордун арасында шаар полициясынын башчысы, 24 полицей жана Улуттук Гвардиянын үч аскери бар. АКШнын куралдуу күчтөрү Багдаддан 100 чакты чакырым түндүгүрөөк турган Самарра шаарын сентябрь айында көзөмөлгө алышкан.

XS
SM
MD
LG