Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

АКШнын аскердик учактары Фаллужаны бомбалашты


ФАЛЛУЖА. Американын аскерлери Ирактын Фаллужа шаарына чабуул койгонго даярданып жатышат. Шаар - Абу-Мусаб Ал-Заргавинин экстремисттик тобунун уюгу болуп саналат. Өткөн түнү америкалык учактар шаардын каруу-жарак жасаган ишканалары менен курал кампаларын бутага алып, шаарды катуу бомбалашты. АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер мындай деди:

-Фаллужада абал өтө оор жана туруксуз. Ошондуктан биз үчүн Фаллужада жана башка шаарларда, ал жердин калкынын аманчылыгы үчүн тартипти орнотуу өтө маанилүү болуп турат. Калкка саясий процесстерге, алдыдагы шайлоого катышууга мүмкүндүк берүүбүз керек. Шаар террорчулар менен куралчандардын барымтасы бойдон кала берүүсүнө жол берүүгө болбойт.

Ошону менен бирге эле Ричард Баучер Кофи Аннандын Фаллужадагы операция январдагы шайлоого залакасын тийгизет, деген тынчсыздануусун негизсиз деп атады.

XS
SM
MD
LG