Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Караколдо коммунисттер митинг өткөрүштү


КАРАКОЛ. 7-ноябрда Каракол шаарындагы Борбордук аянтта Улуу Октябрь Социалисттик революциясына арналган митинг өттү. Митингге коммунизмдин идеяларына жана коммунисттик партияга берилген 21 адам катышты. Алар шаардын борбордук аянтындагы В.И.Лениндин эстелигине гүл коюшуп, кыргыз элинин улут катары сакталып калышына Улуу Октябрь Социалисттик революциясы чоң таасир тийгизген деген пикирлерин билдиришти.

«Кыргызстан коммунисттер партиясынын» Ысыккөл облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Акиш Жээнбаеванын айтымында, жыл сайын 7-ноябрь күнү эч кимдин көрсөтмөсү жана колдоосу жок эле өздөрү чогулуп, Лениндин эстелигине гүл коюшат, Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын тарыхтагы ордун белгилешет.

Митингдин катышуучулары Октябрь төңкөрүш менен жашташ Веньем Нововихинди туулган күнү менен куттукташты. Ага облустук ишки иштер башкармалыгынын ардак грамотасы тапшырылды.

XS
SM
MD
LG