Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстанда статс-катчы жаңы кызматы киргизилди

БИШКЕК. Президент Аскар Акаев ушул шаршембиде кол койгон жардыкка ылайык министрликтерде, мамлекеттик комитеттер жана административдик органдарда жетекчинин биринчи орун басары статусуна ээ статс-катчы мамлекеттик кызматы киргизилет. Жардыкта белгиленгендей статс-катчы кызматынын киргизилиши мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, көз карандысыздыгын камсыздоо максатын көздөйт. Мындан ары ошондой эле статс-катчы кызматы киргизилген министрликтер менен мамлекеттик комитеттерде жетекчи орун басарларынын саны экиден, ал эми каржы министрлигинде үчтөн жогору болбойт.

Административдик ведомстволуктарда болсо бир гана орун басар болот. Статс-катчылар конкурс аркылуу тандалып, тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчилигинин сунушу менен премьер-министр тарабынан бекитилет.
​
XS
SM
MD
LG