БИШКЕК. 7-ноябрда «Рентогрупп» компаниясына акчаларын алдаткан 100гө жакын атуул Бишкекте Жогорку Кеңештин алдындагы Лениндин эстелиги орнотулган аянтка кезектеги пикетке чыгышты. Кезектеги нааразылык акциясына чыккан аманатчылар президент, алардын акчаларынын кайтарылып берилишине өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлүшүн талап кылган плакаттары менен турушту. «Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилигине жалпысынан 1,5 миңге жакын аманатчы 197 млн. сомго алданган. Алардын негизги бөлүгү пенсия курагындагылар.
Пикеттин катышуучулары Швейцариянын, Германиянын жана АКШнын Кыргызстандагы элчиликтерине кат жолдой турган болушту. Аманатчылар алардын акчаларын кайтарууга көмөктөшүү иретинде инвестициялык жардам көрсөтүлүшүн өтүнгөн катын аталган элчиликтерге кийинки аптада жолдошот. «Рентогрупп» ишканасына алданган аманатчылар өткөн жылдын август айынан бери тынымсыз нааразылык акцияларына чыгышууда.