Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Октябрь революциясынын 87-жылдыгына арналган митинг өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы Лениндин эстелиги орнотулган аянтта Кыргызстандын коммунисттери Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 87-жылдыгын белгилешти.

Лениндин эстелигине гүлчамбарларын койуу менен башталган митингди Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бейшебек Акунов ачты. Ал Октябрь революциясынын Кыргызстан үчүн болгон мааниси, совет доорунда Кыргызстандын экономикасында, социалдык тармагында болгон жетишкендиктерге токтолду.

Ал эми Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова азыркы бийлик жүргүзгөн саясатты сынга алып, жылдан жылга карай өлкөдөгү экономикалык абал, элдин жашоо-турмушу начарлап бараткандыгын белгиледи. Ал ошону менен бирге, мурдагы Советтер Союзун калыбына келтирүүнүн зарылдыгы жөнүндөгү пикирин айтып өттү.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Бакытбек Бекбоев болсо соңку жылдары Кыргызстанда коммунисттер партиясынын катарларына өткөн жаштардын саны көбөйүп жаткандыгын маалымдады. Миттингден соң коммунисттер борбор калаадагы Эмен багына барып, революция үчүн күрөшкөндөрдү эскеришти.

XS
SM
MD
LG