Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Ооган барымтачылары талиптерди бошотууга дагы эки күн беришти

Ооганстанда Улуттар Уюмунун 3 кызматкерин уурдаган барымтачылар өкмөткө абактан 26 талипти бошотууга дагы эки күндүк мөөнөт беришти.

Шейшемби күнгө талиптер абактан чыгарылбаса БУУнун кызматкерлери тындым кылынат. БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башөкүлү Мануэль де Алмейда е Силва:

-Үч кызматкерибизди барымтада кармап жаткан адамдардын билдиришинче, алардын ден соолугу жакшы эмес. Ошондуктан медициналык жардам көрсөтүү үчүн алар тезинен бошотулушу шарт.

Миссиянын косоволук албан, ирландиялык жана филиппиндик кызматкери 28-октябрда уурдалган.
XS
SM
MD
LG